Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Сим-карта сатып алууда дароо каттодон өткөрүү сунушталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Алиев билдирди. Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги менен санариптик өнүктүрүү министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сим-карталарды бир жума ичинде эмес, сатып алуу учурунда каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барууда. Алиевдин айтымында, телефон шылуундары сим-карталарды сатып алгандан кийин бир жуманын ичинде каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп, жаңы, катталбаган сим-карталар менен кылмыштар жасалууда. Кыргызстанда уюлдук операторлордун расмий сатуу пункттарынан сатып алынган сим-карталар гана сатып алуу учурунда катталат.
Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фарбрикасы курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бодо малдын терисин кайра иштетүү заводун жана бут кийим фабрикасын куруу маселесин талкуулаган көчмө жыйында терини кайра иштеткен заводду куруу, компанияларды жайгаштыруу боюнча жер аныкталып, жерди трансформация кылуу, суу, электр энергиясын киргизүү, саркынды сууларды чыпкалап-тазалоочу курулмаларын куруу, жол салуу боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Жаңы курула турган булгары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4 миң тонна терини кайра иштетүүгө, бут кийим фабрикасы күнүнө 1 миң жуп бут кийим чыгарууга жөндөмдүү болуп, 130 жумуш орунун камсыз кылат.
"Россия сегодня" медиа тобунун атайын долбоорлорунун директору Михаил Конрад SpuтnikPro агартуу долбоорунун алкагында жасалма интеллект менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенттери жана мамлекеттик органдардын маалымат катчылары үчүн уюштурулган мастер-класста "Россия сегодня" медиа тобу 30 тилде иштеп, кызматкерлер көптөгөн аудио жазууларды текстке оодарып, орус тилине которушарын белгиледи. "Материалды орус тилине жана башка тилге которууга байланыштуу редактордун жумушу көп болот. Кээде видеону текстке түшүрүп, титрге текст талап кылынат. Бул котормочу, редактор, монтаждоочунун жумушу. Бирок биз процессти автоматташтырганбыз", — деди адис.Ал учурда жасалма интеллектинин жардамы менен бир эле киши бир нече адамдын ишин аткарып жатканын кошумчалады.
Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 млн онлайн кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, “Түндүк” тутуму аркылуу мамлекеттик жана жеке уюмдардын ортосунда 3 миллиарддан ашуун маалымат алмашуу ишке ашты. Системага 1343 кызмат жана 311 катышуучу кошулган. Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 млн онлайн кызмат көрсөтүлүп, колдонуучулардын саны 1,7 миллионго жетти. 2024-жылы Tunduk порталында 14 жаңы кызмат ишке киргизилди.