Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыш Зеленскийдин "жеңиш планын" салкын кабыл алды

Документ беш бөлүктөн жана жашыруун үч толуктоодон турат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский Жогорку Радага алып чыккан "жеңиш планын" Батыш салкын кабыл алды, алардын Киевге мамилесин башкача кылып өзгөртүп жибериши деле күмөн. Бул туурасында РИА Новости Times басылмасына шилтеме кылып жазды.
"Зеленский анын (пландын) прототибин Европа жана АКШга жасаган сапарларында Батыш лидерлери өрөпкүп деле кабыл алышкан жок. Стратегиясы жок болгондуктан аткаминерлердин анча ичи чыкпай, документти мындан ары жардам суроо үчүн иштелип чыккан талаптар жана алыска атылуучу ракеталарды колдонууга коюлган чектөөнү алып салуу суранычы катары кабыл алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Гезиттеги башка макалада Зеленскийдин сүйлөгөндөрү АКШда шайлоого саналуу күндөр калганда Батыш өнөктөштөрдүн Киевге болгон мамилесин өзгөртүп жибериши күмөн деген нерсе айтылган. Ал эми атайын операцияда Украинанын жеңиши тууралуу ишеним азайгандан азайып барат.
Зеленский украин парламентине өлкөдөгү согушту кантип жөнгө салуу боюнча планын алып чыккан. Документ беш бөлүктөн жана жашыруун үч толуктоодон турат. Тагыраагы, биринчи пункт — кийин мүчө болот деген максат менен Украинаны НАТОго чакыруу. Экинчиси — россиялык аймактарга алыска атылуучу ракетаны колдонууга коюлган чектөөнү алуу. Ал эми үчүнчүсү — Россияны "токтотуп туруу үчүн өзөктүк эмес комплекстүү пакетти" Украина аймагына жайгаштыруу. Бул план боюнча кармаш 2025-жылы аякташы керек.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Зеленскийдин "жеңиш планына" комментарий берип жатып, бул план эмес эле маанисиз ураандардын топтому экенин белгилеген. Анын айтымында, документ НАТОну Россия менен кагылышка түз эле түртүп турат.
Буга чейин РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев үчүн чыныгы тынчтык план алар жүргүзүп жаткан саясаттын келечексиз экендигин сезүүдө турганын айткан. Зеленскийдин бул документи АКШнын Россия менен акыркы украиналык калгыча кармашуу керек деген планын кайталап калганын кошумчалаган. Муну менен бирге Киев тынчтык орнотуу үчүн "эсине келип" жана бул согушка тушуктурган себептерди сезиши зарылдыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан ЕБ лидерлерине Украинадагы согушту жөнгө салуу планын берди