Радио

Сыдыков: жарандык иштер боюнча сот өкүлчүлүгү институту реформаланат

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жарандык иштер боюнча соттук өкүлчүлүктүн механизмин өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформанын башталгандыгын айтты.
Sputnik
Учурда бизде жарандык сотто ишеним каттын негизинде эле каалаган жаран өкүл боло алат, бирдиктүү стандарт жок. Багытты реформалоого кириштик. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, реформанын максаты соттук процесстердин сапатын жогорулатуу болуп саналат.
"Сот өкүлчүлүгү институту реформаланат. Башка өлкөлөрдө соттук процесстерге катышууга адвокаттардын гана укугу бар. Бирок бизде жарандык соттук иштерде ишеним кат аркылуу эле катышып келишет. Тилекке каршы, өзүн-өзү укук коргоочу деп жарыялап алып, жарандык соттук иштерге катышып, бирок аны сапаттуу жүргүзүүгө жана укугун коргоп жаткан тараптын пайдасына чечүүгө мүмкүнчүлүгү жетпей калган өкүлдөр болууда. Андыктан билими бар адвокаттардан баштап жарандык соттук отурумдарга өкүл болуп катышып жүргөн бардык тиешелүү жактар каттоого алынат. Ал үчүн реестер түзүлөт. Мындан сырткары, билимин жогорулатышы керек болгондорун кыска мөөнөттүү курстардан өткөрөбүз. Реформанын максаты соттук иштердин адилет чечилишин камсыздоо жана соттук процесстердин сапатын көтөрүү болуп эсептелет", — деди Сыдыков.
Ал реформа жүргүзүү үчүн соттук өкүлчүлүктүн ишин камтыган мыйзам сунушталарын кошумчалады.