Радио

Журупова: органикалык азык алууда топурактын курамын изилдөө маселе жаратат

Азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы эксперт, профессор Бермет Журупова өлкөдө органикалык азык-түлүк жаатындагы абал тууралуу айтып берди.
Sputnik
Кыргызстанда 1300дөн ашык фермер органикалык азык-түлүк менен алектенет, бирок айрым талаптар аткарылбай жатат. Бул тууралуу Бермет Журупова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, органикага өтүү үчүн жерге бир-эки жыл химиялык жер семирткич, пестицид колдонбош керек.
"Кыргызстанда органикалык азык-түлүк өндүрүү жаатында бир топ иштер жүрүп жатат. Алгач концепция, кийин 2023-жылы мыйзам кабыл алынган. Азыр окутуулар да бар. Кыргызстанда 1300дөн ашык фермер органикалык азык-түлүк өстүрүү менен алектенет. Бирок кээ бир талаптар аткарылбай жатат. Органикалык жашылча-жемиштерди өстүрүп, мал чарбасын өркүндөтүү боюнча стандарт бар. Анын негизинде, мисалы, органикалык өсүмдүк өсүүчү аймак менен кадимки интенсивдүү азыктардын талаасы катар жайгашпашы керек. Анткени химиялык жер семирткичтерди чачканда органикалык өсүмдүктөр да жабыркайт. Кийин түшүмдү текшерүүдө жер семирткич аныкталса эмгектин баары талаага кетет. Биз дыйкан, фермерлерди кыдырганда аларга колдоо аз экенин айтышат. Органикалык жер семирткичтер да абдан кымбат, жерди да даярдоо керек. Кыргызстанда органикалык жер-жемиш өстүрүлө турган жердин топурагынын курамын текшерип аныктай турган кызмат жок. Адистерди окутуп жатышат, бирок алардын деңгээли талаптарга канчалык жооп берери өзүнчө маселе. Жер семирткичтерди каалагандай колдоно берип топурактын кунарын кетирип алганбыз. Акыркы кезде таза тамактанбагандыктан ар кандай оорулар чыгып жатканы айтылууда. Ал эми органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдө топурактын курамында уулуу заттар, радионуклиддер болбошу керек. Ал ошол үчүн органика болуп саналат. Бизде бул жаатта жеткиликтүү деле илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн жок ", — деди Журупова.
Ал Кыргызстанда органикалык өсүмдүктөр менен иштеген дыйкандар колдоого муктаж экенин кошумчалады.