Министрлер кабинети мурдагы ипподромду 49 жылга берүү келишимин жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети мурдагы ипподромдун аймагын "РЦА Ливинг" жеке компаниясына 49 жылга берүү боюнча келишимди жактырды.
Компания бизнес борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объектилер, парк аймактары бар имараттар комплексин курат.
Жер тилкенин аянты 53,5 гектарды түзөт. Инвестор төмөнкү иштерди аткарууга милдеттенет:
Долбоорго 300 миллион доллардан кем эмес инвестиция тартууну камсыз кылуу;
Бишкектин бюджетине 67 миллион доллар которуу;
Бишкек шаарынын башкы планынын "концепциясынын аналитикалык базасын" иштеп чыгууга 250 миң доллар бөлүү;
Бишкекте ар бири 1200 орундуу үч мектеп, ар бири 350 орундуу үч бала бакча, парк аймактары, жолдор, тротуарлар, инженердик тармактарды куруу.
"РЦА Ливингдин" директору Фан Ан Шон аттуу адам. Бул компаниянын бенефициардык ээси Гибралтарда жайгашкан.
Кыргызстанда жалпы 164 чакырым көмүр ташыган ленталык конвейер курулат