"Манас" соода-логистикалык шаарынын" курулушуна капсула салынды

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" соода-логистикалык шаарынын" курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" соода-логистикалык шаарынын" курулушуна капсула салуу аземине катышты

2 / 4

Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышкан

3 / 4

Соода-логистикалык шаар Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулат

4 / 4

Жапаров "Манас" соода-логистикалык шаары заманбап логистикалык борбор гана эмес, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу долбоорго айланарын кошумчалады

Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышкан. Соода-логистикалык шаар Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулат.
"Базар экономикасынын өзөгү соода экенин, логистика болсо азыркы замандын бренди болуп калганын баарыбыз жакшы билебиз. Биз азыр соода-логистикалык борбор гана эмес, соода-логистикалык шаарынын курулушун баштап жатабыз. Бул ири долбоор экенин белгилеп кетейин. Анда 30 миң соода түйүнү болот. Калаа 700 гектар жерде жайгашып, аны курууга бардыгы 4,2 миллиард доллар сарпталат. Башкача айтканда, бул логистикалык борборду ири деңиз порту менен салыштырууга болот", — деди минкаб төрагасы.
Жапаров "Манас" соода-логистикалык шаары заманбап логистикалык борбор гана эмес, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу долбоорго айланарын кошумчалады.
Камчыбек Ташиев Баткендеги ипотекалык үйлөргө капсула салды. Сүрөт