Ата-энесин бакпай койгондорду жазалоо боюнча мыйзам үчүнчү окуудан кабыл алынды

Мыйзам долбоору алименттик милдеттенмелерди аткарбагандарга жазаны күчөтүүгө жана каржылык жардамга муктаж ата-энелерин бакпаган балдарды жазалоого багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште ата-энесин кароосуз калтыргандарды жоопко тартууну сунуштаган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Документ алименттик милдеттенмелерди аткарбагандарга жазаны күчөтүүгө жана каржылык жардамга муктаж ата-энелерин бакпаган балдарды жазалоого багытталган.
Ага ылайык, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энени балдары багууга милдеттендирилген. Ал эми бакпай койсо атайын органдар же ата-эне өзү сотко кайрыла алары айтылган.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык жактан тейлөө органы каржылык жардамга муктаж болгон, мамлекеттик камсыздоодо турган жана өзүн-өзү камсыздоодо калган ата-энелерге жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу", — деп айтылат мыйзам долбоорунда.
Ал эми алиментти төлөөдөн качып, бир жылдан ашык акча бербей койгон балдарга 20 миң сом айып салынып, ал тургай жасаган жоругуна жараша үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Ата-энелик милдеттен баш тарткандардын жана бул укуктан ажыратылгандардын балдары алимент төлөөдөн бошотулат.
Ата-энесин карабагандарды мураскорлуктан ажыратуу мыйзам долбоору сунушталды