Жогорку Кеңеш велосипед жана скутерлерге тротуарда жүрүүгө тыюу салууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонуу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоору сунушталды.
Документти депутат Чыңгыз Ажибаев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоордун негиздемесинде соңку убакта популярдуу болуп жаткан жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонуу нормативдик жактан жөнгө салынбаганы белгиленген.
"Жеке мобилдүүлүк каражаттарынын айдоочулары эрежелерди билүүгө, сактоого милдеттүү жана жолдо жүрүүгө да укуктуу", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Тыюу салган эрежелер:
бир кол менен башкарууга;
атайын шарттары болбосо жүргүнчүлөрдү ташууга;
мопеддерден башкасына автожолго чыгууга;
жакын жерде велосипед тилкеси болсо тротуар менен жүрүүгө болбойт;
коргонуучу, караңгыда чагылдыруучу каражаты жок айдоого, жүк ташууга, чиркегич илип жүрүүгө;
мопед айдоочуларына велосипед, тротуар же жөө жүрүү жолу менен жүрүүгө тыюу салынат.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарына тиешелүү жол жок болсо айдоочу саатына алты чакырымдан ашырбай, жөө кишилер үчүн коркунуч туудурбастан, тротуар же жөө адамдар өтүүчү жол менен жүрө алат.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарга самокат (электр чыгырыгы), скутер, мопед, гироскутер сыяктуу дөңгөлөктүү чакан унаалар кирет.
ЖКККББ жетекчиси: скутер жана самокат үчүн эрежелер декабрга чейин кабыл алынат