Тажикстанда ЖККУнун машыгуусу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда ЖККУнун "Рубеж-2024" машыгуусу старт алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты.
1 / 3

Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда ЖККУнун "Рубеж-2024" машыгуусу старт алды

2 / 3

Маалыматка ылайык, ага Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты

3 / 3

"Рубеж-2024" машыгуусуна 1500гө жакын аскер кызматчысы катышып, 250дөн ашык аскердик, атайын техника, анын ичинде учактар, тик учактар жана учкучсуз аппараттар колдонулууда

Машыгуунун негизги максаты — ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагына мыйзамсыз куралдуу топтордун кирүүсүн жоюу боюнча согуштук аракеттерди даярдоо. Ошондой эле тоолуу жана чөлдүү аймактарда согуштук операцияларды уюштуруу, аскерлерди окуу-күжүрмөн милдеттерге даярдоо маселелери да каралууда.
"Рубеж-2024" машыгуусуна 1500гө жакын аскер кызматчысы катышып, 250дөн ашык аскердик, атайын техника, анын ичинде учактар, тик учактар жана учкучсуз аппараттар колдонулууда.
ЖККУнун башкы катчысы: учурдагы кризистер өзгөчө кадамдарды талап кылат