Чаткалда кар көчкү алдында калган алты киши изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү алдында калды делген алты адам изделүүдө. Маалыматты ӨКМ тастыктады.
Билдирүүдө 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышканы айтылат. ӨКМдин райондогу бөлүмү издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган.
"Алар 14-октябрда кар көчкү жүрүп алты адамды басып калганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ учурда ыкчам топ түздү, издөө иштерине оор техника тартылган.
Төө-Ашууда миңдей унаа тыгынга учурап, ӨКМ ыкчам штаб уюштурду