Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга келери айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга иш сапар менен келери күтүлүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылган.
Ага ылайык, кечээ Будапештте Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Адам Штифтер менен жолуккан.
"Иш-чарада кыргыз-венгр стратегиялык өнөктөштүгү талкууланды. Тараптар Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Кыргызстанга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө басым жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Венгрияга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы чыгарылганы кошумчаланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Венгриянын ТИМ башчысы НАТОнун Украинаны жаңжалга кептеген катасын атады