ЕЭК министри: ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө белсенүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө ишенимдүү кадам таштоодо. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов билдирди.
ЕЭК коллегиясы интеграциялык процесстердин бизнес жүргүзүүгө тийгизген таасири боюнча докладды карап, анда бардык көрсөткүчтөрдө оң динамика чагылдырылганын белгилеген.
"Докладда уюмдагы интеграциялык процесстер реалдуу натыйжаларды берип, бизнести өнүктүрүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга салым кошууда. Биз ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө ишенимдүү баратканын көрүп жатабыз. Учурда ага 142 сектор кошулган. Бул бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт", — деди Султанов.
ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 2022-жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 22,3 пайызга өскөн.
"Бул көрсөткүчтөр ЕАЭБде бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун кеңейтүүгө суроо-талап күч экенин жана уюмдун алкагында өз ара сооданы диверсификациялоо зарылдыгын көрсөтүп турат", — деди ЕЭК министри.
Пресс-борбор
ЕАЭБ биологиялык кошулмаларды маркалоонун стандартын киргизди. Пайдасы