Кыргызстанда жалпы 164 чакырым көмүр ташыган ленталык конвейер курулат

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде 7 чакырым ленталык конвейери бар логистикалык борбор курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда айтылган.
Маалыматка ылайык, аны кытайлык компания келишимдин негизинде куруп жатат, бул көмүр ташуу процессин жеңилдетүү максатында маанилүү кадам болуп эсептелет.
"Ошондой эле Энергетика министрлиги менен Кытай компаниясынын ортосунда 157 чакырым ленталык конвейер куруу боюнча дагы бир инвестициялык макулдашуу түзүлгөн. Бул конвейер Чоң-Алай районунун көмүр кендеринен "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин көмүрдү ташууну оптималдаштырууга көмөк көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми коомдук талкууга чыгарылган документ өлкөдө буга чейин болбогон ошол тасмалык конвейердин ишин жөнгө салуучу жобону иштеп чыгууга багытталганы кошумчаланган.
Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө 39 өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда