Автоунаасы менен "Ынтымак-Ордонун" дарбазасын сүзгөн аял кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. 65 жаштагы аял Lexus унаасы менен жаңы "Ак үйдүн" (Ынтымак-Ордо) дарбазасын сүздү. Маалыматты Ленин райондук ИИБден билдиришти.
Аялды коопсуздук кызматкерлери кармап, жеринде укук коргоо органдары иш алып барган.
Буга чейин өздүк булактарыбыз аял камакта отурган Даниэл Ажиевдин апасы Сайкал Ажиева экенин кабарлашкан.
Ажиевдин апасы буга чейин соцтармакта мамлекет алардын үч батирин, эки үйүн жана төрт унаасын тартып алганын айткан. Ал келининин үч баласы менен бара турган жери жок экенин билдирген эле.
Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган деп кармалган Даниэл Ажиев тогуз жылга эркинен ажыратылган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.
Вебкам сойкулугу кылмышка теңелди. Президент мыйзамга кол койду