Чекисттер өзүбүздөн даярдалат. Садыр Жапаров Бишкекте УКМКнын академиясын ачты

Өлкө башчы буга чейин чекисттер Россиянын окуу жайларында окуп келишкенин, эми аларды мамлекет өзү даярдап чыгарарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы УКМКнын генерал-лейтенанты А. Бакаев атындагы академиясын ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, УКМКнын кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында академия түзүү боюнча жарлык чыккан.
"Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жай болмокчу. Ал жерден жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат", — деди Садыр Жапаров.
Ал буга чейин чекисттер Россиянын окуу жайларында окуп келишкенин эске салды.
"Эми бул багыттагы адистер өзүбүздүн академиядан даярдалып чыгарылат", — деди ал.
Ачылыш аземден кийин өлкө башчы окуу жайдын инфратүзүмү менен таанышып, болочок адистердин окуулары жана машыгуулары өтүүчү заманбап окуу жана аскердик корпустарды кыдырды.
Ташиев кошуна өлкөлөр менен чек ара маселеси толук чечилерин айтты