Баңгизат саткандар кармалып, үйүнөн 2,5 млн. сомдук "товар" табылган

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Баңгизат сатуу менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрда И. аттуу жаран милиция кызматкерлерине баңгизат (экспертиза аныктаган) өткөрүп берген. Факт боюнча иш козголуп, Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы жайгашкан үйлөрүнүн биринде 37 жаштагы Б.Т. жана А.Н. аттуу жарандар кармалган.
1 / 2

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда И. аттуу жаран милиция кызматкерлерине баңгизат (экспертиза аныктаган) өткөрүп берген

2 / 2

Факт боюнча иш козголуп, Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылындагы жайгашкан үйлөрүнүн биринде 37 жаштагы Б.Т. жана А.Н. аттуу жарандар кармалган

"Шектүүлөр турган үйдүн жер төлөсүнөн баштыкчаларга салынган 1 150 даана өңү жашыл күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Мындан сырткары, жалпы салмагы 26 килограмм 907 грамм болжолдуу баасы 2,5 миллион сомду түзгөн баңгизаттар алынган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киризилгени кошумчаланды.
Баңгизатка байланышкан кылмышка жеңилдик колдонулбайт. Мыйзам долбоору