Бишкекте кафе ээлери менен ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жыйын өттү

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкекте ысырапкорчулукка жол бербөө маселесин талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Ага маморгандардын, муфтияттын өкүлдөрү жана кафе, чайкана, банкеттик залдардын ээлери катышкан.
"Жыйында үй-бүлөлүк салтанат, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды ысырапкорчулук менен өткөрүүнү пландагандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу сунушталды. Ошондой эле каада-салттарды жана ырым-жырымдарды катуу тартипке салуу, коомдун руханий адеп-ахлагын калыптандыруу тууралуу кеп козголду. Кафе-ресторандардын өкүлдөрү бул багыттагы иш-чараларды колдошту", — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын соңунда калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Көрүстөнгө эстелик орнотуунун нускамасын киргизүү каралууда