Иран куралдын өзөктүк түрүнөн да кубаттуусу бар экенин айтты

Ростами жабдуунун четин чыгарып, бирок толук айтып берген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Иранда өтө кубаттуу курал бар. Бул туурасында Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун куралдануу жана аны өнүктүрүү комиссиясынын мурдагы катчысы Эбрахим Ростами айтканын РИА Новости IFP ресурсуна таянып билдирди.
"Бизде өзөктүк куралдан да ашып түшкөн жабдуулар бар", — деген ал.
Ростами бирок толук айтып берген эмес.
Өткөн жумада Израилдин мурдагы премьер-министри Нафтали Беннет Жакынкы Чыгышта Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул коюш үчүн тарыхый жагдай түзүлдү деп жар салган.
Мындан кийин ирандык 39 парламентарий еврей мамлекети тарабынан коопсуздук боюнча жаралып жаткан кырдаалды чечиш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешти чакырган. Ирандын коргонуу доктринасы жогорку руханий лидери Али Хаменеинин исламдын эрежелерине каршы келет деген фатваларына таянып, өзөктүк куралды түзүүгө тыюу салган.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрында кечинде Иран Израилге 200дөн 500гө чейин ракета учурган. Муну коргонуу деп аташкан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракеталык сокку Ирандын союздашы "Хезболланын" лидери Хасан Насрулла менен ХАМАСтын жетекчиси Исмаил Ханияны өлтүрүүгө жооп иретинде жасалганын билдирген. Ал эми Израиль аскерлери 180ге чукул баллистикалык ракета кое берилип, анын арбынын келип тийгенче эле жолдон тосуп алып талкалагандыктарын айтышкан.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кадамдары ийгиликсиз болуп калгандыгын белгилеген. Ал Ак үйдүн билдирүүлөрү кризистерди чечүүдө эч нерсеге жарабай калганын кошумчалаган.
Израиль Ирандын аскердик объектилерине сокку урууга камынганын ЖМКлар жазууда