Израиль ХАМАС башчысы Синвар өлтүрүлгөнүн кабарлады

Еврей мамлекетинин бийлиги ХАМАСтын лидерин 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу жана дем берүүчүсү деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Израиль армиясы ХАМАСтын башчысы Яхья Синварды жок кылганын Kan мамлекеттик телеканалы өздүк булактарына таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Kan телеканалы Израилде ХАМАСтын башчысы жергиликтүү түрмөдө болгондуктан, анын ДНК үлгүсү бар экенин эске салган.
Синвардын Газа тилкесинде жок кылынганы тууралуу маалыматты ЦАХАЛ расмий түрдө тастыктады. Алар операция бир күн мурда, 16-октябрда жасалганын белгилешкен.
Еврей мамлекетинин бийлиги ХАМАСтын лидерин 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуунун негизги уюштуруучусу жана дем берүүчүсү деп эсептейт. Ал окуяда 1,2 миңдей адам каза болуп, 200дөн ашууну барымтага алынган.
Израиль тараптын маалыматына караганда,кол салуудан бир жыл өтсө дагы 101 адам палестиналык кыймылдын туткунунда. Алардын ичинде каза болгондор дагы бар.
Ар кандай операция жана гуманитардык аракеттердин жүрүшүндө ХАМАСтын туткунунан 154 адам кайтарылган. Анын ичинде барымтада каза болгондордун сөөгү да бар.
Израиль Ливандын Набатия шаарына катуу сокку урду. Мэр жана 5 кызматкер каза болду