Акылбек Жапаров Россияга расмий сапары менен барат

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-21-октябрь күндөрү Россияга расмий сапар менен барарын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров бул күндөрү Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россияда өтчү маданият күндөрүнө арналган иш-чараларга катышат.
Ошондой эле Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен эки өлкө өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.
Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулары күтүлүүдө.
Мишустин: ШКУ дүйнөнүн көп уюлдуу борборлорунун бири болушу мүмкүн