«Күрөш» тасмасы спортчулардын жашоосун канчалык ачып бере алды?

Sputnik
Бул сапар «Стоп кадр» программасынын алкагында биз «Күрөш» фильми тууралуу сүйлөштүк. Тасма 17-октябрдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Кинонун режиссеру Азамат Исмаиловдун айтымында, аталган долбоор бардык жаштагы көрүүчүлөргө арналат.“Биз көбүнчө башкалардын ийгилигин гана көрүп, анын жашоосундагы кыйынчылыктарды, башынан өткөргөн кыйын кезин биле бербейбиз. “Күрөш” деп атаганыбыздын себеби бир гана спорттун түрү менен байланыштуу эмес. Бул жерде жашоо менен болгон күрөш чагылдырылат”, — деди Азамат Исмаилов.