Күз-кыш мезгилинде эмнеге өрт кырсыктары көбөйөт? – Бул мезгилде тилсиз жоодон кантип сактануу керек?

Sputnik
Күз-кыш мезгилинде эл жашаган аймактарда өрт кырсыктары көп катталат. Адисттердин айтымында бул убакыт жылыткычтарды колдонуучу мезгил, бирок элдин баары эле коопсуздук эрежелерин толук сактабайт, андыктан бул мезгилде өрт кырсыктары көп болот.
Бүгүнкү “АЧЫК КЕП” программасынын алкагында дал ушул мезгилде тилсиз жоону кантип алдын алыш керектигин, негизги коркунучтар эмнелер экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү өчүрүү жана өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Муканов чечмелеп айтып берди.