Сасык тумоо, курч респиратордук жугуштуу ооруларды алдын алууда вакцинанын орду

Sputnik
Күн сууктаганда сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу оорулар күч алат. Азыр дагы бул оорулардын көбөйгөнү байкалууда. Адатта ушул октябрь айынын орто ченинен баштап сасык тумоо көп катталары айтылып келет. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу ооруларды кантип алдын алса болот? ооруп калган учурда эмне кылуу керек? Кимдер бул оорудан өтө сак болуусу кажет?
Ушул жана башка суроолорго Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамбеталиева жооп берди.