Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга иш сапар менен келери күтүлүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылган. Ага ылайык, кечээ Будапештте Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Адам Штифтер менен жолуккан. "Иш-чарада кыргыз-венгр стратегиялык өнөктөштүгү талкууланды. Тараптар Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Кыргызстанга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө басым жасалды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Венгрияга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы чыгарылганы кошумчаланды.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү алдында калды делген алты адам изделүүдө. Маалыматты ӨКМ тастыктады. Билдирүүдө 9-октябрда 14 адам эндик дары чөптүн тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышканы айтылат. ӨКМдин райондогу бөлүмү издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. "Алар 14-октябрда кар көчкү жүрүп алты адамды басып калганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта. ӨКМ учурда ыкчам топ түздү, издөө иштерине оор техника тартылган.
ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө ишенимдүү кадам таштоодо. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов билдирди. ЕЭК коллегиясы интеграциялык процесстердин бизнес жүргүзүүгө тийгизген таасири боюнча докладды карап, анда бардык көрсөткүчтөрдө оң динамика чагылдырылганын белгилеген. "Докладда уюмдагы интеграциялык процесстер реалдуу натыйжаларды берип, бизнести өнүктүрүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга салым кошууда. Биз ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө ишенимдүү баратканын көрүп жатабыз. Учурда ага 142 сектор кошулган. Бул бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт", — деди Султанов. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 2022-жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 22,3 пайызга өскөн.
Германия канцлери Олаф Шольц Украина боюнча өтө турган кийинки саммитке Россияны катыштыруу зарылдыгын, ошондой эле өзү да Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди. Бул тууралуу канцлер парламенттин төмөнкү палатасында сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды. Шольцтун белгилешинче, Швейцариянын Бюргенштогунда өткөн конференцияда Украина президенти Россиянын катышуусу менен дагы бир жыйын өтүшү керектигин айткан. "Мындан улам Россия президенти менен сүйлөшүү болобу деген суроого "ооба" деп жооп бергенибиз туура болот", — деген канцлер. Анткен менен Шольцтун айтымында, сүйлөшүүдө эки принцип сакталышы керек. Биринчиси — Украинасыз бир да чечим кабыл алынбайт, экинчиси — Германияга өнөктөш мамлекеттер арасында алдын ала макулдашуу болушу керек. Муну менен бирге канцлер дагы бир ирет Украинаны керектүү убакытка чейин колдоого даяр экенин белгилеген.