Оорукананын жетекчилерине менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу — сапаттуу медициналык жардам алууга көмөк береби?

Sputnik
Өлкөдө мамлекеттик оорукананын башкы дарыгерлерин жана орун басарларын менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашованын айтымында, мыйзам долбоору максаты жарандарды сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой ак ниет менен кызмат кылам деген дарыгерлер үчүн жол ачылышы мүмкүн. Бул мыйзам долбоору жөнүндө оорукана жетекчилери кандай пикирде? Мекемелерде оң жака өзгөрүүлөр болобу? Мындай кош жумушка тыюу салуу кадрлардын көз карандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн сактоого жардам береби?
Ушул суроолорго “Күн башат” берүүбүздөн жооп ала алдык.