Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Бүттү дегендик". Украинада согуштун бөлүндү болгонун айтышууда

Полковниктин айтымында, кыйын кырдаал Курск облусунда жаралып, чегинүүгө туура келүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россиялык аскерлер фронтту Украина армиясы үчүн бөлүндү кылып, ажыратып салды. Бул туурасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы полковниги Олег Стариков интервью берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын журналист Александр Шелест* менен маектешкени YouTube каналына жарыяланган.
"Бул — бүттү дегендик. Фронтту бөлүп салышты", — деп белгилеген ал.
Полковниктин айтымында, кыйын кырдаал Курск облусунда жаралып, чегинүүгө туура келүүдө. Ушундай эле абал Украина аскерлери курчоодо кала турчудай көздөнүп турган Купянск багытында жаралды.
"Алар маневрлар менен иштеп жатат", — деген Стариков.
Өткөн аптада механизациялаштырылган 54-бригаданын батальон командири Кирилл Верес украин армиясы позициясын улам жоготуп жаткандыгын айткан. Ал 1991-жылдагы чек арага чыгуу боюнча сөз кылууга мурдатан эле болбой калганын белгилеген.
Украинанын Башкы штабы 7-октябрда аскердик күчтөрү кыйын кырдаалда калып жаткан төрт багытты белгилеген. Алар: Купянск, Покровск, Лиманск жана Курахово экенин айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германиянын Киевге мындан ары "ири аскердик техника" бербей турганы айтылды