Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жогорку Рада Зеленскийдин "жеңиш планын" сынга алды

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин "жеңиш планы" реалдуу эмес, анда куру сөздөр көп. Бул тууралуу Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Алексей Гончаренко* (Россия Федерациясында террористтердин жана экстремисттердин тизмесинде) билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин мүмкүнчүлүктөр тууралуу реалдуу сүйлөшүү болгон жок. Куру гана сөздөр. Ооба, каалоолорубуздан баш тарта албайсыз. Бирок реалдуу жашоодо баары башкача болуп жатпайбы. Буга көңүл бурбай коюуга болбойт. Ал эми план реалдуулуктан өтө эле алыстап кеткен. Эң башкысы биз жоопкерчиликтин баарын өнөктөштөргө оодарып салдык. Өзүбүзгө талаптарды койдукпу? Коррупция менен күрөшүү, демократиялык институттарды бекемдөө пунктулары кайда?", — деди Гончаренко*.
Шаршемби күнү Зеленский Радага өзүнүн "жеңиш планын" сунуштаган. Документ беш абзацты жана үч жашыруун тиркемени камтыйт. Биринчи геосаясий пунктуда Украинаны НАТОго чакыруу камтылган. Экинчиси коргонуу маселелерине тиешелүү болсо, үчүнчүсү Украинанын аймагында Батыш өлкөлөрүнүн "ар тараптуу өзөктүк эмес стратегиялык пакетин" жайгаштыруу аркылуу орус күчтөрүн чектөөнү камтыйт. Төртүнчү абзацта өлкөнүн стратегиялык экономикалык потенциалы, бешинчи абзацта куралдуу кагылышуу аяктагандан кийинки мезгил жөнүндө кеп болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Зеленский чабуулду күчтөнүп алып жасоо үчүн сүйлөшүүнү сунуштоодо