Мухитте 66 күн калкып жүргөн киши кантип тирүү калганын айтып берди

Деңизде калган кишинин бир тууганы менен анын уулу ачкалыктан каза тапкан. Өзү 50 килограммга арыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Охот деңизинде калып калып эки ай кайык менен калкып жүргөн Михаил Пичугин журналисттерге кантип тирүү калганын айтып берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Кудайдын жардамы менен. Башка эч нерсе деп айта албайм. Ичи төөнүн жүнүнөн жасалган уктоочу "моңгол" мүшөгүбүз бар болчу. Буттарыбыз суу, кирип бүрүшүп жатасың да, бир аз жылып каласың", — деп эстеп баяндап берген Пичугин.
Ал бир тууганы менен анын уулу ачкалыктан каза тапканын, өзү 50 килограммга арыктаганын айтты.
Мурдараак Ырааккы Чыгыштын транспорт прокуратурасы ичиндеги кишилери менен эки ай мурда жоголуп кеткен кайыктан 14-октябрда бир адам табылганын кабарлаган. 2024-жылдын 9-августунда эки киши жана алардын биринин 15 жаштагы уулу деңизге "Байкат 470" кайыгы менен кетип, көп өтпөй байланыш таптакыр үзүлгөн. Тик учак менен издеп таппай коюшкан. Ушул дүйшөмбү күнү Камчатканын жээгинен балыкчылар катамаран табышкан. Андан алсыраган тирүү киши жана эки сөөк чыккан.
66 күн суу үстүндө жүрүп аман калган кишини Охот деңизинен табышты