БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 1 градуска төмөн болорун билдирди.
Абанын айлык орточо температурасы Чүй менен Таласта климаттык нормадан 1 градуска төмөн болот
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Абанын айлык орточо температурасы Чүй менен Таласта климаттык нормадан 1 градуска төмөн болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында аба ырайы норманын чегинде сакталат.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында аба ырайы норманын чегинде сакталат
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска төмөн болуп, 2…4, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде -1…+1 градуска чейин сууктайт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -2…+3 градуска, күндүз 1…6дан 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -9…-14, күндүз -0…-5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Талас
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска төмөн болуп, 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн -2…-7ден -1…+4 градуска, күндүз 2…7ден 12…17ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ош
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12ден 13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6 градуска төмөндөшү мүмкүн.
Жалал-Абад
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12ден 13…18ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6 градуска чейин төмөндөйт.
Баткен
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12ден 13…18ге чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ысык-Көл
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 2…4, чыгышында -1…+1ге чейин болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен 1…6га чейин, күндүз 2…7ден 8…13кө чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү чыгышында түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1 градуска төмөндөйт.
Нарын
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12, -4… +1 градустун тегерегинде болуп, күндүз 0…5тен 6…11ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6 градуска төмөндөйт.