"Асыл тукум" түзүп жатасыңар. Депутат "Акылман" лицейи тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Акылман" президенттик лицейинин жана "Эл үмүтү" стипендиясынын бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылыктарды берүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
Документ боюнча юстиция министри Аяз Баетов маалымат берди. Ошондой эле суроолорго билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жооп кылды.
Мыйзам долбоору менен аталган окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине конкурстан тышкары киргизүү сунушталууда.
Талкуу учурунда депутаттар бир окуу жайга артыкчылык берүү канчалык туура деген суроо салышты.
"Сиздер аябай шашылыш чечим кабыл алып жатасыздар. Өзүн көрсөтө элек окуу жайды мыйзамга киргизүү — шашылыш чечим. Министр лицей, гимназия дегендер жоюлуп, балдар тең болуш керек деген саясат жүргүзүүдө. Ал эми силер дагы өзгөчөлүк, "асыл тукум" түзүп жатасыңар. Болмок беле? Кесиптештерим кагазга ороп жатат. Бул социалдык теңсиздикти жаратат. Балдардын билими тең болбошу ыктымал, бирок укуктары бирдей болушу зарыл", — деди Исхак Масалиев.
Депутат Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоору менен башка окуу жайлардын кадыр-баркын түшүрүп албайбызбы деп кооптонсо, Гуля Кожокулова гимназиялардын артыкчылыгын жоюп, мектептерди бирдей статуска алып келип жаткан чакта президенттик лицейге өзгөчөлүк берүү канчалык туура экенине кызыкты. Ошондой эле "Акылман" президенттик лицейине кабыл алууда калыстыкты камсыздоо маселеси көтөрүлдү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Пресс-борбор
12 жылдык окутуу. Тилдерди үйрөтүүдө жаңы ыкма колдонулат