БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. "Кол ийрисине тартат" болбой, татыктууларын шайлаңыздар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 17-ноябрга белгиленген шайлоонун үгүт иштерине утурлай жасаган кайрылуусунда айтты.
Шайлоолордун маанилүүлүгүн белгилеп, алар элдин тагдырына түздөн-түз таасир этерин айткан Жапаров талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер да бар экенин, аларды шайлап алып, өкүнүп калбагыдай болуу керектигин эскерткен.
"Жер-жерлерде өз уул-кыздарыңардын — талапкерлердин дараметин сиздер жакшы билесиздер. "Кол ийрисине тартат" болбой, татыктууларын шайлаңыздар. Эл үчүн, өлкө үчүн күйө турган, чындап иштей турган, калың элдин элегинен өткөн эр-азаматтарды тандаңыздар. Айрыкча, жүрөгүндө мекенимди өнүктүрөм деген жалыны бар, алысты көрө билген тажрыйбалуу жаштарды колдоңуздар!" — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле ал шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөгөн мамлекеттик кызматкерлер катуу жазаланарын белгилеген.
"Биз укуктук талаадагы мамлекетте жашап жатабыз. Баары мыйзам чегинде болушуна шарт түзүп беребиз. Калың элдин тандоосунан татыктуу өткөн, таза шайланып келген депутат гана элге кызмат кылышы керек! Мындан башкача болушу мүмкүн эмес, болбойт дагы", — деген өлкө башчы.
Мындан тышкары, шайланып келген жергиликтүү кеңештердин депутаттары алдыда боло турган Элдик курултайдын жер-жерлерден келе турган делегаттарын шайлашарын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык болуп, жалпысы 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.