Садыр Жапаров: Кыргызстан Россия менен кызматташпай коё албайт

Жапаров Россия менен кызматташуу боюнча Батыш көрсөтмө бербеши керек деген сөзүн түшүндүрүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россия менен кызматташпай коё албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирген.
Жакында өлкө башчы КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып "Батыш бизге Россия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши керек" деп айткан. Мындан улам "Кабардын" журналисти "Россия же КМШ менен кызматташпоо тууралуу өтүнүчтөр болуп келеби?" деген суроо узаткан.
Жапаровдун айтымында, Украинадагы жаңжал башталгандан бери Россияны жектеп, аны менен кызматташпагыла деген Батыш өлкөлөрү бар.
"Аларга дайыма "Россия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Ортобуздагы товар жүгүртүү 4 миллиард доллардан ашат. Нефть, газ, буудай жана башка тамак-ашты сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Дүйнөгө чыкчу авто жана темир жолубуздун көпчүлүгү Россия аркылуу өтөт. Ал өлкөдө бир миллионго жакын мигрантыбыз бар. Анан кантип Россия менен иштешпей коё алабыз? "Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Россия менен иштешип жатасыңар. Россия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Россия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Бул талабыңар адилетсиз" деп ачык эле айтып жатам", — деген мамлекет башчы.
Ошондой эле Жапаров Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзөрүн, бардык өлкөлөр менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатканын белгилеген. Ал Кыргызстан КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашып, турмуш-тиричилиги чырмалышканын, алар менен кызматташпай коюу мүмкүн эмес экенин айткан.
Президент эмнеге мындай талаптар болуп жатат деген журналисттин бүшүркөөсүнө Кыргызстанга эч ким эч кандай доомат коё албай турганын айтып "жөн гана Россияга болгон жек көрүүлөрү болсо керек" деп сөзүн жыйынтыктаган.
Путин: КМШ өлкөлөрү – биздин эң жакын коңшуларыбыз жана досторубуз. Видео