Жаңы-Барак айылындагы турак үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктап калды. Сүрөт

Облустук жетекчилик Жаңы-Барак айылына барып, турак жайларды кыдырып, аларды тапшырууга даярдык көрүү маселесин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунун Жаңы-Барак айылындагы турак үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
1 / 4

Кара-Суу районунун Жаңы-Барак айылындагы турак үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктап калды

2 / 4

Маалыматка ылайык, жетекчилик Жаңы-Барак айылына барып, курулуп жаткан турак жайларды кыдырып, аларды тапшырууга даярдык көрүү маселесин талкуулашкан

3 / 4

Ошондой эле айылга электр зымдары тартылып, аймак жапырт электр энергиясы менен камсыз болгону кошумчаланды

4 / 4

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара такташканда жер алмашкан. Анын алкагында Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга берип, Кара-Суу району жактан 208 гектар жер алган

Маалыматка ылайык, жетекчилик Жаңы-Барак айылына барып, курулуп жаткан турак жайларды кыдырып, аларды тапшырууга даярдык көрүү маселесин талкуулашкан. Облус жетекчиси Элчибек Жантаев айылга келчү жолго асфальт төшөөнү тапшырган.
"Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге 101 турак үй курулууда. Алардын баары бирдей үлгүдө, керектүү шарттары менен салынган. Ошондой эле таза суу тартуу, саркынды сууларды чыгаруу системасын куруу иштери кызуу жүрүп жатат", — деп айтылат малыматта.
Ошондой эле айылга электр зымдары тартылып, аймак жапырт электр энергиясы менен камсыз болгону кошумчаланды.
Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара такташканда жер алмашкан. Анын алкагында Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга берип, Кара-Суу району жактан 208 гектар жер алган. Ал эми эксклавдын жашоочулары үчүн Кара-Суу районуна Жаңы-Барак айылы курула баштаган.
А. Жапаров Барак эксклавынан көчкөн жарандар үчүн салынып жаткан айылга барды