Төө-Ашууда миңдей унаа тыгынга учурап, ӨКМ ыкчам штаб уюштурду

Төө-Ашууда кар тынымсыз жаап, жайкы дөңгөлөк менен барган унаалар кармалып тыгын жаралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 129-132-чакырым аралыгында (Төө-Ашуу ) 1000дей автоунаа тыгында турат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тыгын кар жаап, жол тайгактыгынан улам болууда.

"1000ге жакын унаа токтоп турат. Оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан кырсыктарды алдын алуу максатында абал тыкыр көзөмөлгө алынууда. Жеринде эки куткаруу унаасы, төрт КамАЗ , бир көчмө башкаруу пункту унаасы, үч пикап унаасы жана куткаруучулар тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө. Ошондой эле ӨКМ тарабынан унааларга күйүүчү май жеткирип берилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик жылынуу пунктулары төшөк-жууркан менен камсыздалып, жарандарга ысык чай берилип жатканын кошумчалады.
ӨКМ ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралганын эскертти