Жаңы жылдан баштап ОСАГО полиси жокторго айып салынат

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими (ОСАГО) жокторго айып салынат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү 3 миң сом. Юридикалык жактардын унаалары үчүн бул норма 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. Аларга ОСАГОсу жок болгону үчүн 13 миң сом айып каралган.
ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган. https://sputnik.kg/20231218/avtounaa-osago-mildet-zhyldy-1081350824.html
Эми камсыздандыруу полисин "Кыргыз почтасынын" филиалдарынан төлөөгө болот