Студенттердин окуу графиги боюнча президенттик администрацияга кат жолдонду

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президенттик администрацияга студенттердин окуу графигин өзгөртүүнү карап чыгуу боюнча кат жолдонду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, кат окуу жайлардын кайрылуусунун негизинде жолдонгон.
Эске салсак, майдын этегинде Бишкек мэриясынын демилгеси менен минкаб токтом кабыл алган. Анда мектептерде сабак 8:00дөн эрте, ал эми университеттерде окуу саат 10:00дөн кийин башталышы керектиги белгиленген болчу. Бул чечим жол тыгыны менен күрөшүү максатында кабыл алынганы айтылган.
Сентябрда окуу башталгандан бери бул чечимге нааразы болгондордун катары көбөйүп, маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар токтом туура эмес кабыл алынганын, студенттер түнгө чейин окуп жатышканын белгилешкен.
Буга утурлай Билим берүү жана илим министрлиги аталган демилге көтөрүлгөндө терс корутунду бергенин билдирип, министрлер кабинети менен мэрияга кат даярдалып жатканын кабарлаган.
Окуунун жаңы графиги тыгынды күчөттүбү? Мэрия менен Кайгуул милиция үн катты