КРСУ ректорунун милдетин аткарган Волков расмий ишке кирди. Коюлган тапшырмалар

Жаңы жетекчини жамаатка Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде ректордун милдетин аткаруучу Сергей Волков расмий ишке киришти. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини жамаатка кеңейтилген окумуштуулар кеңешинде Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырган.
Волков жаңы кызматтагы пландары жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, университетте бир катар көйгөйлөр топтолуп калган.
"Окумуштуулар кеңеши университеттин убактылуу башкаруу структурасын бекитти. Жакынкы арада башкаруу кеңеши түзүлүп, анын курамына Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү кирет. Бул орган университеттин жаңы уставын бекитет. Жаңы жетекчилик университетте аудит жүргүзүп, декандар менен жолугушууларды уюштуруп, учурдагы маселелерди талкуулоону пландоодо. Волковдун алдында турган негизги милдеттердин бири 2030-жылга чейин заманбап университет кампусун куруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
КРСУнун жаңы ректору Россиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту