"Кара-Жыгач токою" сейил багындагы 126,7 млн. сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Кара-Жыгач токою" сейил багындагы элге мыйзамсыз берилип кеткен 1,2 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, жер тилке 30 өзүнчө бирдикке бөлүнгөн.
"Кара-Жыгач токою" сейил багы өкмөттүн 1995-жылдагы токтому менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген. Бирок буга карабастан, Свердлов районунун администрациясы 2007-жылдагы "Жер участокторун бөлүп берүү жөнүндөгү" токтом менен жалпы аянты 1,2 гектар жерди 30 өзүнчө бирдикке бөлүп, элге мыйзамсыз берген", — деп айтылат маалыматта.
Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арыздын жыйынтыгы менен жогоруда аталган токтом жокко чыгарылды. Ал эми баасы 126 миллион 780 миң сомду түзгөн 1,2 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды.
Баткенде 50 млн. долларлык алтын кен мамлекетке кайтарылды