Израиль Ливандын Набатия шаарына катуу сокку урду. Мэр жана 5 кызматкер каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Израиль Ливандын түштүгүндөгү Набатия шаарына катуу сокку уруп, андан калаа мэри жана муниципалитеттин беш кызматкери көз жумганын жергиликтүү Аль-Жадид телеканалына таянуу менен РИА Новости билдирди.
Маалыматта мэрия имаратына сокку жыйын өтүп жатканда жасалганы айтылат.
Ал эми Израиль армиясы "Хезболла" жана "Радван" бөлүктөрү пайдаланып келген туннелдердин түйүнүн, транспорттук инфраструктураны, командалык борборлорду жана курал-жарак сакталган кампаларды жок кылганын билдирди.
Набатия — Ливандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан ири шаарлардын бири. Израиль менен чектешкен айыл-кыштактан келген качкындарды эсепке албаганда калаада 100 миңдей киши жашайт.
Израиль Ирандын аскердик объектилерине сокку урууга камынганын ЖМКлар жазууда