Бишкек — Ош трассасы толугу менен жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасы толугу менен жабык экенин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта жол учурда тазаланып жатканы айтылат.
"Азыркы учурда Бишкек — Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында калың кар жаагандыгына байланыштуу "Чычкан", "Сосновка" көзөмөл-өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылган кабарда.
ЖКККББ айдоочулардан зарылчылык болбосо алыскы аймактарга чыкпай турууну өтүнүп, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертти.
Инжект: https://sputnik.kg/20241016/kyrgyzstan-osh-bishkek-zholu-1089498714.html
Теги: Кыргызстан Бишкек — Ош жолу кар аба ырайы ЖКККББ