17-октябрга карата аба ырайы

17-октябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрь, бейшембиде, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл дубанында +4...+9, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +14...+16 градуска көтөрүлөт.
Суук болот. Ноябрга карата аба ырайынын божомолу