Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш - чаралар кийинки муунду патриоттуулукка тарбиялайт

Sputnik
Быйылкы жылдын 14-октябры Кыргызстан үчүн маанилүү дата болуп калды. Бул күнү жалпы республика мамлекеттүүлүктүн 100 жылдыгын белгилеп, тарыхтын жаңы барагын ачты. Өлкөдө ондогон ишканалара старт берилип, ондогон социалдык объектилердин курулушу соңуна чыкты. Мунун баары өсүп келе жаткан муунга үлгү болуп, мекенге болгон сүйүүсүн күчөтөт, дейт өлкөнүн мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов.
Биз бүгүнкү “Кеменгер” уктуруусунун алкагында ушул тарыхый датанын эгемен Кыргызстан үчүн орду, кыргызстандыктар үчүн маанисине токтолуп, ой толгодук.