Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25 пайызга жетти. Бул тууралуу Исламабадда өтүп жаткан ШКУнун 23-жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, 2009-жылдан бери ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпы ИДПсы эки эседен ашык өстү. "Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25%га, ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 250%га жетип, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе өстү", — деди Жапаров. министрлер кабинетинин төрагасы аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктура түзүүгө, жаңы эл аралык каттамдарды ачууга токтолуп, деңиз жана темир жол байланыштарын айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи. Белгилей кетсек, Исламабад шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйыны өтүүдө.
Бишкек — Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 14:00гө карата Төө-Ашуудагы жол тыгыны жоюлуп, "Сосновка" жана "Арал" постторунда жеңил унаалар өткөрүлө баштады. Ошол эле учурда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө бар экени кошумчаланды. Эске салсак, калың кар жаагандыгына байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолундагы кыймылга чектөө киргизилген.
Бишкектеги "Кара-Жыгач токою" сейил багындагы элге мыйзамсыз берилип кеткен 1,2 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, жер тилке 30 өзүнчө бирдикке бөлүнгөн. "Кара-Жыгач токою" сейил багы өкмөттүн 1995-жылдагы токтому менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген. Бирок буга карабастан, Свердлов районунун администрациясы 2007-жылдагы "Жер участокторун бөлүп берүү жөнүндөгү" токтом менен жалпы аянты 1,2 гектар жерди 30 өзүнчө бирдикке бөлүп, элге мыйзамсыз берген", — деп айтылат маалыматта. Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арыздын жыйынтыгы менен жогоруда аталган токтом жокко чыгарылды. Ал эми баасы 126 миллион 780 миң сомду түзгөн 1,2 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды.
АКШ менен Европада Украинадагы жаңжалдан улам чарчоо, жадоо күчөп, бул Владимир Зеленскийдин “жеңиш планына” катуу сокку болууда. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазды. «Океандын эки тарабында тең жадагандык жана күмөн саноо күчөп жатат, атүгүл Украинанын активдүү жактоочулары да Киевдин согушун колдоого бөлүнгөн Батыштын убактысы соңуна чыгып баратканын моюндашууда», - деп жазат басылма. Макалада Зеленскийдин планы Батышта көпчүлүк үмүт кылган жеңиштен алыстыгы божомолдонгон. Ошондой эле “Корирере делла сера” басылмасы АКШнын президенти Джо Байден Зеленскийдин “жеңиш планынын” негизги пункттарынан күмөн санап жатканын жазган. Басылманын билдиришинче буга Зеленскийдин Орусиянын тереңине сокку уруу үчүн алыс аралыкка атуучу куралдарды колдонуу жана Украинанын НАТОго тезирээк кириши боюнча өтүнүчү себеп болууда.