Билим берүү системасын санариптештирүү — жылдын аягына чейин жаңы платформалар ишке кирет

Sputnik
Өлкөдө II чейректен тартып мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет. Маалым болгондой электрондук күндөлүк ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Билим тармагында санариптештирилген сервистердин саны көп. Жарандарга анын барын жаттап калуу кыйын болгондуктан анын бардыгы бириктирилип https://bilim.edu.gov.kg/ шилтемесине жайгаштырылды. Тагыраагы, электрондук каттоо, ЖОЖдорго тапшыруу, электрондук библиотека, күндөлүктү бир эле шилтема аркылуу колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мындан тышкары жылдын соңуна чейин мугалимдердин порталы жана мектептердин инфраструктура системасы ишке кирерин Билим берүү министрлигинин санариптрансфармация бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу айтып берди.