Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү учурунда кандай сыноолор болгон?

Sputnik
1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтом чыгып, кыргыз элинин нечен кылым мурда жоготкон мамлекеттүүлүгү кайра калыбына келтирилди. Бул тарыхый процесстин учурунда мамлекеттүлүктү түптөгөндө кандай кыйынчылыктар болду деген суроолор жаралат. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институту “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизги маселелери: башаты, азыркы абалы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий симпозиум өткөрдү.
Бул иш-чарага ата мекендик тарыхчылардан тышкары чет элдик илимпоздор да катышты. Жогорудагы симпозиумдун коноктору менен бул теманын алкагында маектештик.