Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо тилкеси иштейт – Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна даярдык кандай?

Sputnik
Өлкөдө административдик-аймактык реформадан кийин, жергиликтүү кеңештер таркатылып, кайра шайлоо 17-ноябрга дайындалды. Бул жолку жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда бир катар өзгөрүүлөр бар. Мандаттардын саны, босого чеги дегеле шайлоо системасында бир топ өзгөрүүлөр орун алды.
Бүгүнкү “КҮН БАШАТ” программасынын алкагында дал ушул өзгөрүүлөр жана элдин шайлоого катышуусуна кандай шарттар түзүлгөнү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев менен маек курдук.