Бишкектеги унаа базарынан 31 миң доллар жана 2,1 млн. сом уурдалган. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкектеги унаа базарында ири суммада акча уурдаган кылмыштуу топ колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
13-октябрда К.С. аттуу жаран милицияга унаасынын эшигин сындырып 30 миң 900 доллар жана 2 миллион 150 миң сом акчасын уурдатканын айтып, арыз жазган.
1 / 3

Бишкектеги унаа базарында ири суммада акча уурдаган кылмыштуу топ колго түштү

2 / 3

13-октябрда К.С. аттуу жаран милицияга унаасынын эшигин сындырып 30 миң 900 доллар жана 2 миллион 150 миң сом акчасын уурдатканын айтып, арыз жазган

3 / 3

Факт боюнча "Уурулук" беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 51 жаштагы Ж.Ө. жана 40 жаштагы Ж.М. аттуу жаран кармалган

"Факт боюнча "Уурулук" беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 51 жаштагы Ж.Ө. жана 40 жаштагы Ж.М. аттуу жаран кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда 29 миң 800 доллар жана 1 миллион 689 миң сом табылып, далил катары алынган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилүүдө. Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо Сокулук райондук ИИБге же 0312 607567, 03134 53380 нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүндү.
Телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратура алынып, шектүү кармалды