Прокуратура Арстанбапта унааларды агызган сел боюнча кызмат адамдарына иш козгоду

Жайында сел жүрүп, ал унааларды агызып, турак жайларды, имараттарды суу каптаган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында болгон сел боюнча кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы Арстанбап айылында болгон селдин себептери боюнча текшерүү жүргүзгөн.
"Анын жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасындагы 15 жер тилкесин мыйзамсыз менчикке бергени аныкталган. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган", — деп айтылат маалыматта.
23-июлда Арстанбапты сел каптап, ички чарбалык жолдор талкаланып, имараттарды, соода объектилерин жана турак жайларды суу алып, аймакта өзгөчө кырдаал түзүлгөн. Натыйжада мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Прокуратура бул зыян аткаминерлердин айынан келтирилгенин белгилеп, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.
14-октябрдан тарта Боомдо таш кулатылып, автоунаалар бир тилке менен жүрөт