Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Зеленский чабуулду күчтөнүп алып жасоо үчүн сүйлөшүүнү сунуштоодо

Буга чейин ЖМКлар Украинанын согуштагы позициясы алсырап бара жаткандыктан Зеленский РФ менен кепке келүү маселесинде бир топ ачык болуп бара жатканын жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жамааттык Батыш менен Украина лидерлигинин мыйзамдуулугунан ажыраган Владимир Зеленскийге тынчтык сүйлөшүүлөр кийинки чабуулга чейин күч топтоп алуу үчүн керек. Бул туурасында Экономиканын жогорку мектеби улуттук изилдөө институтунун дүйнөлүк экономика жана саясат факультетинин илимий жетекчиси Сергей Караганов РИА Новостиге айтып берген.
"Эртеби-кечпи, Зеленскийдин Батыштагы кожоюндары Украина Россияга стратегиялык жактан чабуул жасай албай жаткандыгын көрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сурашат. Бул көрүнүп эле турат. Азыр алар диалогго барууну сурашты, бул согушту токтото туруп, тыныгып, күч топтоп, анан Россияга болушунча экономикалык, саясий жана моралдык зыян келтирүү үчүн чабуулун кайрадан улантуу үчүн керек", — деген Караганов.
Буга чейин Washington Post Украинанын согуштагы позициясы алсырап бара жаткандыктан Владимир Зеленский Россия менен кепке келүү маселесинде бир топ ачык болуп бара жатканын жазган. Анткен менен РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров украин чатагын жөнгө салуу боюнча колго илинерлик сунуштар түшпөгөндүгүн айткан эле.
Эксперт чатакты бүтүрүү үчүн бир эле ыкма бар экендигин, ал Украинаны толук жеңип, Россия койгон шарт менен тынчтыкка келип, андан сырткары, Батышты стратегиялык жактан чегиндирүү экендигин айткан.
"Биз аларга эки жол бар экенин жеткиликтүү түшүндүрүшүбүз керек. Үч деп да коелу. Биринчиси — мааниси жок бул согушту колдоого акча жок экендигин айтып, татыктуу кетиши керек. Экинчиси — талкаланып калуу. Үчүнчүсү — өзөктүк курал менен "өз энчисин алуу", мында Европа цивилизациясынын көп бөлүгү кыйрайт", — деп белгилген Караганов.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Боррель Россияны күч менен тынчтыкка мажбурлоо идеясына ишенкиребей турат