Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Боррель Россияны күч менен тынчтыкка мажбурлоо идеясына ишенкиребей турат

РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров украин жаңжалын басуу жаатында сунуш түшпөгөнүн, анткен менен Батыш ЖМКларында бул боюнча байма-бай айтылып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россияны күч менен элдешүүгө мажбурлоо демилгеси анчейин ишеним жаратпай турат. Бул тууралуу Евробиримдик дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Люксембургда ЕБ ТИМ Кеңешинин жыйынынан соң айтканын РИА Новости жазды.
"Путинди эпке келтирүү үчүн Украинаны саясий жана аскерий жактан улам күчтөп туруунун стратегиялык логикасы бар. Бирок идея анча ишеним жаратпай турат", — деген Боррель.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров украин жаңжалын басуу жаатында сунуш түшпөгөнүн, анткен менен Батыш ЖМКларында бул боюнча байма-бай айтылып жатканын белгилеген.
Июнда Россия президенти Владимир Путин абалды жөнгө салуу жолун айткан: Украина аскер күчтөрү Россиянын жаңы аймактарынан толугу менен чыгып кеткенден кийин Москва дароо ок атууну токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет. Мындан тышкары, Киев НАТОго кошулуу ниетинен баш тартып, демилитаризациялоо жана денацификациялоо аракеттерин жүргүзүшү керек, муну менен бирге нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алуусу шарт. РФ лидери Россияга каршы санкцияларды да жокко чыгаруу тууралуу айткан.
Ал эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган террордук чабуулунан кийин Путин "жай жарандарга, жарандык инфраструктурага ылгабай ок атып, өзөктүк объектилер үчүн кооптуулук жараткан" тараптар менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдирген болчу. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Москванын тынчтык орнотуу боюнча сунуштары жокко чыгарылбаганын, бирок азыркы "чалкеш" учурда Россия Украина менен сүйлөшпөй турганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ким Дотком: Украина менен НАТО кыйыр согушта жеңилди